Россия Кыргызстан менен авиакаттамын токтотот

28 сентября 2020, 10:30

Пандемиянын экинчи толкуну башталып кетүү коркунучуна ылайык, Орусиянын өкмөтү башка мамлекеттер менен болгон авиакаттамдарын токтотууну чечти. Ошон үчүн 2020-жылдын 30-сентябрынан тарта Россиядан Кыргызстанга каттай турчу рейстин баары токтотулду. Бул тууралуу орусиялык Airlines S7 авикомпаниясынын сайтында маалымдалат. 

 

Компания буга учакка чейин сатылып алынган билеттердин каражаттарын кайтарып берерин же болбосо кийинки саякат үчүн сертификат катары алса мүмкүн экенигин билдирди. 

Эске сала кетсек, Кыргызстанга киргендер үчүн чек арадан өтүү алгоритми иштелип чыккан.