Россия, Кыргызстан, Казакстан ишкердик келишимди улуттук валютада жүргүзүп, доллардан баш тартууну пландап жатат
Кыргызстан Казакстан жана Россия бийлик өкүлдөрү менен биргеликте ишкерлерди улуттук валюта менен иш алып баруусун милдеттүү түрдө жүргүзүү мүмкүнчүлугун карап жатат. Бул тууралуу премьбер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
Өкмөт башчы бул сунушту ата мекендик ишкерлерди колдоо максатында демилгеленип жаткандыгы менен түшүндүрдү.
«Зарылдыгына жараша кошумча чаралар кабыл алынат. Алар: мамлекеттик сатып алуулар процессине ата мекендик компаниялардын катышуусун колдоо боюнча иштерди күчөтүү жана товарларды, кызматтарды көбөйтүү; бизнести текшерүүгө киргизилген мораторийди дагы 1 жылга узартуу жагын карап чыгуу (2022-жылга чейин). Быйылкы жылдан тартып Салык кызматы тарабынан жүргүзүлүүчү көзөмөлдөөчү текшерүүлөрдүн саны кыскартылат. Эгерде компаниялар салык милдеттерин толугу менен аткарган болсо, анда текшерүүлөр дистанциялык режимге өткөрүлөт», - деди Министрлер кабинетинин жетекчиси.