Россия Кыргызстандан форель балыгын импорттоодон баш тартууда

15 февраля 2023, 17:30

Россельхознадзор 16-февралдан тарта Кыргызстандын ветеринардык кызматына Россияга жөнөтүлгөн форель жана форель икраларын сертификациялоону токтотуу өтүнүчү менен кайрылды. Бул тууралуу тиешелүү мекемеден билдиришти. 

Маалыматка ылайык, өнүмдү физикалык кароодо инспекторлор дарыя форельдерине мүнөздүү эмес, олуттуу өлчөмдөгү балыктарды табышкан.

"Эки жылдан бери Россельхознадзор Россияга Кыргызстандан кирген форель жана форель икраларында тыюу салынган зыяндуу заттар бар экенин аныктап келет.  Бул зыяндуу заттар уруксат берилген чектен өтө эле ашып кеткен. Бул нерсе бир нече жолу аныкталып жатат", - деп айтылат маалыматта. 

Январь айында аталган кызмат Кыргызстандын балык азыктарын чыгарган 9 ишканасын текшерүү демилгесин көтөргөн. 

"Импортту калыбына келтирүү маселеси Россельхознадзордун адистери Кыргызстандагы балык өндүрүүчүлөрдү текшерүүдөн өткөргөндөн кийин каралат", - деп айтылат мекеменин маалыматында.