Орусия насыя берүүнү 2020-жылдын октябрь айынан бери чектеп келет

20 апреля 2021, 17:59

2020-жылдын 6-октябрынан бери Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгы долбоорлорду түздөн-түз каржылаган жок. Көрсөтмөлөр кеңештин төрагасы Тимур Максимовдун катына ылайык аткарылууда. Бул тууралуу "Акчабарга" өз булактар кабарлашты.

Кайра каржылоону баштоо үчүн фонд башкармалыгына жана Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путинге расмий кат жөнөттү. Фонддун акыркы каты 2021-жылдын 10-мартында жазылган.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы маалыматты тастыктап, каржылоо жаздын аягына чейин жанданарын кошумчалады.

"Долбоорлорду каржылоо ушул жылдын май айынан тарта өлкөдөгү кырдаалдын турукташуусуна байланыштуу калыбына келтирилет", - деп белгилешти аталган фонддон.