Орусия салык башкаруу системасына техникалык жана программалык жардам көрсөтөт

10 ноября 2021, 09:55

Орусия Кыргызстанда салык башкаруу тутумун өнүктүрүүдө, маалыматтарды иштеп чыгуунун заманбап борборун түзүүдө техникалык жана программалык көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирди. бул тууралуу минкабдын төрагасы Акылбек Жапаров Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө маалым болду.

Белгилүү болгондой, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө алар эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады жана ушул жылдын соңуна чейин Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы жана Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы кайчылаш жылын жабуу салтанатын Бишкек шаарында өткөрүүнү макулдашты.