Орусия Кыргызстанга 20 миң доза «Спутник V» вакцинасын берет

22 апреля 2021, 17:50

Орусия Кыргызстанга COVID-19 вирусуна каршы “Спутник V” эки компоненттүү вакцинанын партиясын берет. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Партия 20 миң дозаны түзөт. Макулдашуулар президент Садыр Жапаровдун Россия Федерациясына болгон иш сапарынын жыйынтыгында кабыл алынган. 

"Министрлик Кыргызстандын Россиядагы элчилиги менен биргеликте “Спутник V” вакцинасын Кыргызстанга жеткирүүнү уюштуруу боюнча мындан аркы ишти уланта берет", - деп айтылат билдирүүдө.