Россия Кыргызстанга 200 миң ПЦР-тест жиберет

25 декабря 2020, 14:30

Россия Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүү үчүн кезектеги жардамын жөнөтөт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

 

 

2020-жылдын 24-декабрында Россиядагы Кыргызстандын элчилигине 200 миң даана ПЦР-тест тапшырылган. Маалым болгондой, бул тесттер жакынкы күндөрү Кыргызстанга жеткирилет.