Орусия Кыргызстанга тогуз мектеп курууга жардам берет

3 июня 2021, 16:50

Кыргызстанда тогуз калктуу конушка орус тилдүү багыттагы мектептер ачылат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Болотбек Купешовдун президент Садыр Жапаров менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду. 
 

Долбоорду ишке ашырууга Орусия тарап көмөк көрсөтөт. Биринчи баскычта үч мектептин курулушун бүтүрүү чечими кабыл алынган. Алар Ош, Каракол жана Чүй облусунун  Сокулук районунда орун алат. 

Андан кийин мектептин курулуш иштери Баткен облусунун Баткен шаарында, Талас облусунун Манас районунда, Нарын шаарында, Жалал-Абад жана Өзгөн райондорунда жана Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын бирине курулат.