Россия дан эгиндерин экспорттоону убактылуу токтотот

28 апреля 2020, 09:45

Россия Федерациясы 2020-жылдын 1-июлуна чейин Евразия экономикалык биримдикке кирбеген өлкөлөргө буудай азыктарын экспортттоону токтотот. Бул тууралуу Орусиянын айыл чарба министрлигинен билдиришти. 

Тактап айтканда, буудай, арпа, жүгөрү жана буудай аралашмасы бар дан азыктарын экспорттоого тыюу салынды. 

«Коюлган чектөөлөр азыркы кризис убагында өлкөнүн дан жана дан азыктарына болгон ички муктаждыктарды жаратпайт», - деп жазылат маалыматта.