Россия Кыргызстанга колдоосун көрсөтө берет

7 января 2020, 16:30

Россия Федерациясы 2020-жылы Евразия экономикалык биримдик жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим линиясы аркылуу Кыргызстанга жардам берүүсүн улантат. Бул тууралуу News Front порталы билдирди. 

«Россия Кыргызстанга бардык тараптан колдоо көрсөтүүгө даяр. ЕАЭС жана Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим иштеринин бекемделиши үчүн мындан аркы иш-аракеттерди жүргүзөт», —  деп билдирди РФ Бишкектеги элчиси Николай Удовиченко.