Орусия Кыргызстанга тогуз миң тонна азык-түлүк сатып алууга демөөрчүлүк кылды
Орусиянын каржылоосу жана БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен биргеликте бир жарым жыл ичинде тогуз миң тоннадан ашык азык-түлүк сатылып алынды, деп билдирди Россия Федерациясынын басма сөз кызматы.
Белгиленгендей, кыргыз мектеп окуучулары жана жакырчылыктын чегинен төмөн жашаган үй-бүлөлөр үчүн сатылып алынган тамак-аштын жалпы наркы сегиз миллион долларды түзөт.
Мындан тышкары, 2008-жылдан бери Орусия Кыргызстанга азык-түлүк программаларын колдоо үчүн болжол менен 96 млн $ бөлгөн, анын натыйжасында республиканын миллиондон ашуун жашоочулары азык-түлүк жардамын алышкан.