Россия Тажикстандагы муктаж үй-бүлөлөргө 1 млн долларлык жардам жөнөттү

23 февраля 2021, 11:15

 Россия Тажикстандагы «муктаж үй-бүлөлөрдө жашаган мектеп окуучуларына» 1 миллион долларлык гуманитардык жардам жөнөттү.

 

Азык-түлүктөн турган жардам Бириккен Улуттар Уюмунун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын алкагында берилди.

Россиянын Душанбедеги элчилигинин маалыматына караганда, гуманитардык жүктүн көпчүлүгү Тажикстандын түштүк аймактарына жеткирилди. Жардам жалпысынан 22 миң муктаж үй-бүлөгө таратылат деп күтүлүүдө.

Былтыр Россия Тажикстандын мектептериндеги тамактануу системасын өнүктүрүү үчүн 21 миллион 200 миң доллар бөлөрү кабарланган.