Орусия алты жылдан кийин Египет менен үзгүлтүксүз аба каттамдарын калыбына келтирди

9 августа 2021, 12:20

Дүйшөмбүдөн тарта Орусия Египеттин курорттору - Хургада жана Шарм-эш-Шейх, ошондой эле Доминикан Республикасы, Молдова, Бахрейн менен аба каттамдарын жандантты, деп билдирди ТАСС.

Мындай чечимди коронавируска каршы күрөшүү боюнча ыкчам штаб кабыл алды. Хургада жана Шарм-эш-Шейхке каттамдар ар бир багыт боюнча жумасына беш жолу каттайт. Учууга квота "Орусия" авиакомпаниясы тарабынан тандалды.

Пандемияга байланыштуу карантин учурунда жергиликтүү туризм, адегенде 2010-жылдардын ички саясий баш аламандыктарына, андан кийин 2010-жылы Синайдын үстүндө орусиялык жүргүнчү учактын жарылуусунан жабыркап, айына 1 миллиард долларга чейин жоготкон.