Орусия гречиханын экспортуна тыюу салды

6 июня 2021, 09:50

Орусияда гречиханын экспортуна убактылуу тыюу салынды, бул чара жайдын аягына чейин күчүндө болот. Тийиштүү жарлыкка Россия Федерациясынын премьер-министри Михаил Мишустин кол койгону маалым болду. 

Бирок, тыюу салуу Россия Федерациясынан гуманитардык жардам жана жеткирүү үчүн экспорттолгон товарларга, ошондой эле Орусиянын чет өлкөлөрдөгү аскер базаларына, Россиянын аймагы аркылуу ташылган транзиттик жүктөргө колдонулбайт.