Орусия Кыргызстанга техника сатып алуу үчүн 20 млн доллар берет

22 июня 2021, 18:00

Орусия менен Кыргызстан атайын техникаларды сатып алуу жана жеткирүү үчүн 20 миллион долларлык келишим түзүштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан Орусиядан эки тик учак, 80 өрт өчүрүүчү унаа жана кошумча шаймандарды алат.

Мындан тышкары, министр 2021-жылдын аягына чейин Кытай гранттык негизде алты көчмө оорукана жана 100гө жакын өрт өчүрүүчү унаа менен камсыз кыларын айтты.