Орусия ЕАЭБдин өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн 88,3% түздү

12 июля 2021, 15:00

2021-жылдын январь-май айларында Орусия ЕАЭБдин өнөр жай өндүрүшүнүн жалпы көлөмүнүн 88,3% түздү. Мындай маалыматтарды Евразия экономикалык комиссиясы билдирет.

Жалпысынан Казакстан 6,6%, Беларуссия 4,5%, Кыргызстан жана Армения 0,3% ээлейт. ЕАЭБдин өнөр жай өндүрүшүнүн түзүмүндө эң көп үлүштү кайра иштетүү өнөр жайы ээлеген (64,4%). Анын үлүшү 1% га төмөндөгөн. Тоо-кен казуу жана карьерди казып алуунун үлүшү 25,2% (2,6% га жогорулады) түздү.

Электр энергиясы, газ, буу жана кондиционердин салыштырма салмагы 2020-жылдын январь-май айларына салыштырмалуу 1,6% га төмөндөп, 8,6% түздү, суу менен камсыздоонун үлүшү, канализация тутуму, таштандылардын чогултулушуна жана бөлүштүрүлүшүнө контроль өткөн жылдын деңгээлинде сакталып, 1,8% түздү.