Россия кыргызстандык мигранттардын меселелерин чечүүгө даяр

10 декабря 2020, 10:50

Россия бизге көптөгөн маселелер боюнча жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Россия Федерациясына болгон иш сапарынын жүрүшүндө билдирди. 

Талант Мамытов белгилегендей, Россия Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Дума төрагасы Вячеслав Володин менен болгон жолугушууда кыргызстандык эмгек мигранттарынын бир катар көйгөйлөрү — Кыргызстандын айрым жарандарынын Россияга кирүүсүнө тыюуга («кара тизме») байланыштуу, милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин алуудагы кыйынчылыктар, авиакаттамдардын билеттеринин кымбаттыгы жана башкалар көтөрүлгөн. Ошондой эле эки өлкө ортосундагы авиакаттамдардын санын көбөйтүү маселеси сунушталды.

Вячеслав Володиндин россия тараптын аталган маселелерди чечүүгө даярдыгын билдирген жана тиешелүү эки тараптуу макулдашууларга кол коюулган.

 

«Кыргызстандын бардык багыттар боюнча кызматташтыкты арттырууга мүмкүнчүлүктөрү бар. Эгерде ири долбоорлорду ала турган болсок, алар ГЭС, завод-фабрикаларды куруу, айыл чарба секторунда органикалык продукцияларды ташуу жана башкалар», — деп белгиледи Талант Мамытов.