Орусиялыктардын эмгек акысы жогорулайт

9 декабря 2019, 09:14

Орусия бийлиги 3.2 млн жарандын эмгек маянасын көбөйтүүнү көздөйт. Эгерде мыйзам долбоору жактырылса, 2020-жылдан тарта эмгек акыныны орточо көлөмү 12.1 миң рублду түзөт. Бул тууралуу «банкир.ру» маалымдады. 

Азыркы тапта эмгек акынын орточо көлөмү 11.2 миң рублду түзөт. Бул долбоорду ишке ашыруу үчүн Орусия бюджетинен 20.9 млрд рубль жумшалат. 

Эске сала кетсек, жүргүзүлгөн сурамжылоодон улам,  бир жыл ичинде эң көп жогорулаган, кыймылсыз мүлк тармагында иштегендердин эмгек акысы болуп эсептелинген. Аталган тармактагы кызматкерлердин орточо эмгек акысы 120 миң рублду түзөт.