Орусиялыктардын электр энергияга болгон карызы 66 млрд рублга жетти

11 февраля 2021, 16:45

Орусиялыктардын электр энергияга болгон карызы 66 млрд рублга жетти. Бул тууралуу bankir.ru басылмасы билдирди. 

 

Маалыматка ылайык, өткөн жылы физикалык жактардын карызы 12 млрд рублга өскөн. Электр энергияга болгон жалпы карыз 287 млрд рублду түзөт. 

 

Карыздын 54% — өндүрүштүк эмес керектөөчүлөр, 23% — калк, өнөр-жай, 4% – бюджеттик керектөөчулөр, 1% – фермерлер түзөт.