Орусиялык жаран 16 миң долларды мыйзамсыз алып чыгууга аракет кылды

27 марта 2023, 12:40

Бүгүн эртең менен “Достук-автодорожный” өткөрүү бекетинин чек арачылары Мамлекеттик бажы кызматынын кызматкерлери менен биргеликте чек арадан мыйзамсыз акча алып өтүү фактысын токтотушту.

"Достук-автодорожный" пункту аркылуу 1986-жылы туулган Россия Федерациясынын жараны Кыргызстандан Өзбекстанды көздөй бара жаткандыгы такталган.

Чек ара жана бажы көзөмөлүнөн өткөндө орусиялыкта чет элдик валюта табылган. Каражаттын жалпы суммасы 16 мин 275 долларды түздү.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана акча каражаты кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.