Август айында күйүүчү-майлоочу майдын баасы 5% га чейин өсүшү күтүлүүдө

19 августа 2021, 14:27

Бир ай мурун Кыргызстандын нефтетрейдерлери июль-август айларында республиканын күйүүчү-майлоочу майларындагы баалар 6-10%га жогорулашы мүмкүн экенин эскертишкен. Мунун себеби орусиялык мунайды кайра иштетүүчү заводдордо сатуу баасынын жогорулашы деп айтылууда.

Ошол эле учурда ата мекендик нефтетрейдер компаниялары баалардын кескин өзгөрүшүнө жол бербөө саясатын жүргүзүштү.

"Август айында Кыргызстанда бензиндин жана дизелдин баасынын 5% га чейин жогорулашы - бул ушул жылдын июль айында биз айткан божомол. Анда биз күйүүчү-майлоочу майлар этап-этабы менен жалпысынан 10% га чейин кымбаттай турганын болжолдогонбуз. Июль айында эле баа 5% га жогорулады, биз айдын аягына чейин дагы 5% га чейин күтөбүз", - деди Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясынын аткаруучу директору Канат Эшатов "Акчабарга".