Кыргызстандын экономикасынын өсүшү 7,4% түздү
2024-жылдын январында экономикалык өсүш 7,4% түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети маалымат жыйынында билдирди.
2024-жылдын январында ички дүң продукциянын көлөмү алдын ала эсептөөлөр боюнча 73,2 млрд сомду түзүп, 2023-жылдын январь айына салыштырмалуу 7,4%га өстү.
2024-жылдын январында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 37,6 млрд сомду түздү жана 2023-жылдын январь айына салыштырмалуу жыгач жана кагаз буюмдарын өндүрүү, полиграфиялык ишмердүүлүк 1,8 эсеге, резина, пластмасса буюмдарын жана курулуш өндүрүшүнүн өсүшү 16,5%га өстү.
Ошондой эле, курулушта оң тенденциялар байкалган, мында көлөмдүн өсүшү 23,6%ды, дүң жана чекене соодада - 22,8%ды, ошондой эле айыл чарбасында - 1,4%ды түздү.