Өлкөдө өндүрүштүн өсүшү темир рудасын казып алуу менен камсыз кылынат

24 апреля 2023, 12:52

Быйылкы жылдын январь-мартында Кыргызстандын өнөр жай тармагында өндүрүштүн көлөмү январь-февраль айларындагы 13,3 пайыздан кийин 7,6 пайызга өстү. Бул тууралуу Евразия өнүктүрүү банкынан билдиришти.

Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшүнүн негизин металл рудаларын казып алуу (+27,5%) түзгөн.

Өнөр жай өндүрүшүнүн басаңдашы бир ай мурда 56,9%га өскөндөн кийин март айында негизги металлдарды (негизинен алтынды) өндүрүүнүн 3%га кыскарышы менен шартталган.

Текстиль өнөр жайындагы өндүрүштүн жана тазаланган мунай продуктуларын чыгаруунун төмөндөшү да чектөөчү таасирин тийгизди.