ЕАЭБ өлкөлөрүндө чекене соода 8,8% га жогорулады

17 сентября 2021, 11:20

ЕАЭБде 2021-жылдын январь-июлунда чекене соода жүгүртүү 319,8 миллиард долларды түздү.

2020-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу чекене сатуунун көлөмү 8,8%га өстү.

Сатуунун негизги бөлүгү Орусияга - 287,8 миллиард доллар менен туура келди. Казакстандагы соода көлөмү 15,2 миллиард долларга, Беларусь 12,9 миллиард долларга жетти.

Кыргызстанда чекене соода жүгүртүү 12,2% га өсүп, 2,1 млрд долларды, Арменияда 1,5 млрд долларды түздү.