«РСК Банк» Шарият кеңешинин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

29 декабря 2022, 10:44

“РСК Банк” акционерлеринин кезексиз жыйынында Шарият кеңешинин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

Шарият кеңешинин жаңы мүчөлөрүнө төмөнкү адамдарды беш жылдык мөөнөткө шайлоо чечими кабыл алынды:

  • Абибилла Кадырбердиев - Шарият кеңешинин төрагасы;
  • Жоробай Шергазиев - Шарият кеңешинин мүчөсү;
  • Кызырбек Жээнбеков Шарият кеңешинин мүчөсү.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө “Телесат” ЖАКтын курамына эсептөө комиссиясын бекитүү чечими кабыл алынды.