«РСК Банк» эки компаниянын терминалында насыя төлөөнүн комиссиясын жойду

25 ноября 2022, 11:29

Ушул апта, 23-ноябрдан тарта “РСК Банк” Quickpay жана Unipay терминалдары аркылуу насыя төлөөнүн комиссиялык пайызын нөлгө түшүрдү. Бул тууралуу аталган каржы мекемесинин сайтына жарыяланды.

Комбанктын маалыматы боюнча, Кыргызстанда Quickpay жана Unipay акча которуу системаларынын 3000ден ашуун терминалдары бар.

Ошол эле учурда, 23-ноябрдан тарта Pay24 терминалдары аркылуу төлөнгөн насыя же акча которууларга 2% комиссия алынат.