"РСК Банк" 26 млн долларга мамлекеттик казына облигацияларын сатып алат

24 ноября 2022, 14:19

“РСК Банкы” Каржы министрлигинин 26 миллион доллар өлчөмүндөгү мамлекеттик казына облигацияларын өздүк каражатынын эсебинен сатып алат. Аталган банк мындай чечимди кезексиз жыйынында чыгарды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтына жарыяланды. 

Буга байланыштуу банктын башкармалыгына чечимди ишке ашыруу боюнча бардык чараларды көрүү тапшырылды.

Мындан тышкары, жыйындын жүрүшүндө “Телесат” ЖАК жетекчисинен турган эсептөө комиссиясы бекитилди.

Ошондой эле, жыйында “РСК Банктын” Директорлор кеңешинин мүчөсү болуп Мирбек Касымов төрт жылдык мөөнөткө шайланды.