«РСК Банк» акча ташууга 33 млн сом коротот

19 мая 2021, 10:05

«РСК Банк» нак акча каражаттарын ташуу боюнча тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.

Тендердин жалпы суммасы 33 миллион сомду түзөт.

Техникалык тапшырмага ылайык, "РСК" ААКнын бөлүмүнө Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан же Улуттук банктын бөлүмүнөн "РСК Банк" ААКсынын бөлүмүнө чейин акча инкассация жасашы керек. Белгиленгендей, транспорт бир эле шаардын же облустук шаардын чегинде болот.