Нак акча ташууга РСК банк 33 млн сом сарптайт

22 апреля 2021, 12:30

РСК банк нак акча каражаттарын ташуу боюнча кайрадан тендер жарыялады. Бул тууралуу  мамлекеттик сатып алуулар сайтында айтылат.

Тендердин жалпы суммасы 33 миллион сомду түзөт.

Техникалык тапшырмага ылайык, келишим үч жылдык мөөнөткө түзүлөт. Кызмат көрсөтүүчүнүн милдети - акча каражаттарын РСК банкынан улуттук банкка чейин жана тескери тартипте ташуу.

Накталай акча чогултуу банктын төмөнкү пункттардагы арыздарга ылайык жүргүзүлүшү керек:

  • Бишкек
  • Ош
  • Жалалабат
  • Каракол
  • Талас
  • Нарын