«РСК Банк» уставдык капиталын 2,3 млрд сомго көбөйттү

18 мая 2023, 11:43

«РСК Банк» уставдык капиталын 2 млрд 321 млн 638, 4 миң сомго көбөйттү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди.  

Уставдык капитал бир акциянын номиналдык наркы 500 сом болгон 4 млн. 643 миң 277 нускадагы акцияларды кошумча чыгаруу аркылуу көбөйтүлгөн. 

Уставдык капитал 9 млрд. 400 млн. 822 миң сом өлчөмүндө бекитилген.