«РСК Банк» акцияларды фондулук биржага жайгаштыруу менен 160,9 млн сом тартты

26 мая 2021, 11:30

Кыргыз фондулук биржасынын тутумунда 17-майдан 21-майга чейинки мезгилде биринчилик рынокто үч компаниянын баалуу кагаздары менен жалпы суммасы 163,4 млн сом болгон бүтүмдөр катталган.

Баштапкы рыноктун көлөмүнүн 98,47% "РСК Банк" АКнын 19-чыгарылышынын жөнөкөй акциялары менен болгон келишим ээлеген. Муну менен банк биржада 160,9 миллион сомду баалуу кагазга 500 сомдон тартты.

Жылдык жалпы чогулушта кабыл алынган акционерлердин чечими боюнча, андан түшкөн каражат уставдык капиталды көбөйтүүгө жумшалат.

Эске салсак, апрель айынын аягында банктын уставдык капиталы 2 миллиард 333 миллион 267 миң сомго бааланган, көбөйгөндөн кийин 2 миллиард 494 миллион 167 миң сом болот.