«РСК Банк» уставдык капиталын дагы 2 млрд сомго көбөйттү

27 декабря 2021, 15:30

Бүгүн, 27-декабрда Кыргыз фондулук биржасынын системасында “РСК Банк” ААКнын жөнөкөй акциялары менен ири келишим катталды. Бул жайгаштыруу жөнүндө маалыматты “акыркы келишимдердин натыйжалары” бөлүмүнөн тапса болот. 

Тактап айтканда, банк бир нускасы 500 сомдук 4 млн акцияны биринчи рынокко жайгаштырды. Муну менен мамлекеттик банк 2 млрд сом тартты. 

РСК Банктын акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушунда кабыл алынган чечимге ылайык, баалуу кагаздарды жайгаштыруудан түшкөн каражат уставдык капиталды көбөйтүүгө жумшалат. 

Эскерте кетсек, 18-ноябрга карата банк буга чейин 884,9 млн сом тарткан, ал дагы капиталды көбөйтүүгө жумшалышы керек. Ошентип, бардык зарыл процедуралар жүргүзүлгөндөн кийин банктын уставдык капиталы 5 млрд 379 млн 184 миң сомду түзүшү керек.