«РСК Банк» уставдык капиталын дагы 700 млн сомго көбөйттү

22 июня 2022, 09:38

“РСК Банк” Кыргыз фондулук биржасына кошумча эмиссиясын – 1 миллион 400 миң жөнөкөй акцияны бир акциясына 500 сомдон жайгаштырды. Бул тууралуу фонддун сайтында маалымдалды.

Ошентип, “РСК Банк” капиталдаштырууну 700 миллион сомго көбөйтүп, 6 миллиард 79,1 миллион сомго жетти. Кошумча эмиссия боюнча чечим май айында акционерлердин кезексиз жыйынында бекитилген.

Белгилеп кетсек, 2021-жылдын ноябрь жана 2022-жылдын январь айларында “РСК Банк” уставдык капиталын 2 миллиард 885 миллион сомго көбөйткөн. Быйылкы жылдын жыйынтыгы менен банктын жетекчилиги капиталдаштырууну 9 миллиард сомго чейин көтөрүүнү көздөөдө.