«РСК Банк» уставдык капиталын 143,4 млн сомго көбөйттү

12 февраля 2024, 15:38

КФБнын соода аянтчасында “РСК Банктын” 286 миң 723 жөнөкөй акциясы сатылды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирди. 

Жалпысынан суммасы 143 млн 362 миң сомду түзгөн бир бүтүм түзүлгөн. Акциялардын сатуу баасы бардык операциялар боюнча 500 сомду түздү. 

Белгилеп кетсек, акциялар биринчи рынокто сатылган, бул “РСК Банк” өзүнүн уставдык капиталын көбөйтөт дегенди билдирет. Мындай чечимди банктын акционерлери 18-январдагы жыйынында кабыл алышты. 

Көбөйтүлгөнгө чейин уставдык капитал 9 млрд 400 млн сомду түзгөн.