«РСК Банк» 29,5 млн сомго касса модулу бар pos-терминалдарды сатып алат

13 октября 2021, 14:24

"РСК Банк" касса модулу бар pos-терминалдарды сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар порталында жазылды.

Тендердин жалпы суммасы 29,5 миллион сомду түзөт. Бул акчага мамлекеттик банк 1,3 миң терминал сатып алууну пландап жатат, алардын ар бири 22,5 миң сомдон 24,8 миң сомго чейин бааланат.

Жабдууларды жеткирүү ушул жылдын декабрынын аягына пландаштырылган.