«РСК Банк» 8,8 млн сомго кызматтык унааларды сатып алат
“РСК Банк” Ачык акционердик коому кызматтык автоунаа сатып алуу үчүн тендер жарыялады. Бул тууралуу мекеменин сайтында жарыяланды.
Сатып алуунун жалпы пландык суммасы 8 млн 880 миң сомду түзөт.
Техникалык тапшырмасында автоунаа 2021-жылы заводдон чыгарылган үлгүдө болуп, толук комплектте пайдаланууга берилүүгө даяр болуусу керек.