«РСК Банк» камсыздандыруу кызматын сатып алат
"РСК банк" ачык акционердик коому камсыздандыруу кызматтарын сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтында маалымдалды.
Ага 7 миллион 604 миң сомду сарптоо пландалууда.
Техникалык тапшырмада банк филиалдардын автоунааларын (48 даана) 57,3 миллион сомго камсыздандырат деп көрсөтүлгөн.