Рубль 1,65%га кымбаттады. Улуттук банктын расмий курсу

15 сентября 2022, 16:17

Кыргызстандын Улуттук банкы 16-сентябрдагы чет элдик валюталардын сомго карата расмий курстарын жарыялады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтында жайгаштырылган.

Такталган маалыматтарга караганда, рублдан башка бардык негизги валюталар сомго карата арзандады.

Ошентип, рубль 1,65%га жогорулап, 1,3519 сомду түздү.

Теңгенин наркы 0,93%га төмөндөп, 0,1709 сомго бааланды.

АКШ доллары 0,84%га арзандап 81,0462 сомду түздү, ал эми евро 0,76%га арзандады.