Рублдин куну тездик менен төмөндөп жатат

21 декабря 2022, 16:23

Кыргызстандын Улуттук банкы 22-декабрга карата валюталардын сомго карата расмий курстарын жарыялады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтында жайгаштырылган.

Такталган маалыматтарга караганда, сом рублга карата бир эле учурда 3,85%га бекемделип, 1,2175 сомду түздү. Белгилеп кетсек, бир күн мурун улуттук валюта да орус валютасына карата 3,78% кымбаттаган.

Ал теңгеге карата да 0,22%га төмөндөп, 0,1822 сомду түздү.

Өз кезегинде доллар жана евро бир аз 0,01% жана 0,02% кымбаттады. Учурда Америка валютасынын баасы 85,6799 сом, европалык акча 91,1206 сомду түзүүдө.