Доллардын рубльга карата курсу 2018-жылдын апрелиндеги көрсөткүчкө кайтып келди

24 мая 2022, 08:51

Россия банкы 24-майга карата валютанын рублга карата расмий курстарын жарыялады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын расмий сайтында жайгаштырылган.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө АКШ долларынын курсу 58,2087 рубль деп белгиленип, 23-майдагы курска салыштырмалуу 1,15%га арзандады. Акыркы жолу АКШ долларынын курсу 2018-жылдын апрель айында ушундай көрсөткүчтө болгон.

Америкалык валютадан кийин евро 0,84%га арзандап, 2017-жылдын апрель айындагы деңгээлине жетип, 60,3851 рубль болду.