Рубль доллар жана еврого карата бекемделди. Борбордук банктын курсу

1 декабря 2022, 09:11

Орусиянын Борбордук банкы 1-декабрга карата валютанын орус рублине карата расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтына жарыяланды. 

Маалыматтарга караганда, рублдин курсу долларга жана еврого карата бекемделди. Америка валютасынын расмий курсу 0,32%га төмөндөп, 60,8803 рублди, евро 0,53%га түшүп, 63,0504 рублди түздү.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда сом евро, рубль жана теңгеге карата бекемделди. АКШ долларынын курсу өзгөрүүсүз калды.