Рубль долларга жана еврого карата бекемделди. Борбордук банктын курсу

9 декабря 2022, 09:21

Россия банкы 9-декабрга карата валюталардын орус рублине карата расмий курстарын жарыялады. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти. 
 
Маалыматка ылайык, рубль АКШ жана Европа валюталарына карата бекемделди. Бир сутка ичинде АКШ доллары 0,58%га төмөндөп, 62,5722 рублге түшсө, евро 0,33%га төмөндөп, 65,6762 рублди түздү.

Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда сом еврого карата 0,49%, теңгеге карата 0,28% арзандады.