Рубль еврого карата бекемделди. Борбордук банктын курсу
Россия банкы орус рублине карата расмий валюта курсун жарыялады. Бул тууралуу маалымат жөнгө салуучу органдын сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, доллардын курсу өсүүсүн улантып, бир сутка ичинде 0,04%га бекемделип, 62,9372 рублди түздү.
Ал арада евро 0,32% төмөндөп, 65,8966 рублди түздү.
Кошумчалай кетсек, Кыргызстанда сом долларга жана рублга карата арзандаса, тескерисинче, евро жана теңгеге карата бекемделди.