Рублдун сомго карата курсу 1.05% төмөндөдү

27 августа 2020, 14:30

Рублдун сомго карата официалдуу курсу 1.05% төмөндөп 1.0351 сомду түздү. Кошумчалай кетсек, улуттук валютага карата рублдун төмөндөшү 15-августтан бери байкалууда. Бул жыйынтыкты Улуттук банктын маалыматтарына таянуу менен билдирсе болот. 

15-августтан бүгүнкү күнгө чейин рубль 3% төмөндөгөн. 

Белгилей кетсек, 2020-жылдын март айында жана 4-августунда рублдун курсу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн валюталарынын жана АКШ долларына карата төмөндөгөнү катталган. 

Республиканын коммерциялык банктары тарыбан рублду сатып алуу 1.02 - 1.034 сом менен, сатуу 1.045-1.06 сом менен жүргүзүлүүдө.