«Кумтөр» кени штаттык режимде иштеп жатат

23 января 2024, 10:18

Бүгүн түндө болгон жер титирөөгө байланыштуу “Кумтөр” кенинде абал туруктуу, кызматкерлер кадимки режимде иштөөдө. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти. 

Ошондой эле, жер титирөө учурунда бардык кен кызматтары белгиленген коопсуздук эрежелерин так сактоо менен иш алып барганы айтылды. “Кумтөр” кенинде кыйроолор жана жабыркагандар болгон жок.

22-январдан 23-январга караган түнү Кытайда Кыргызстандын чек арасына жакын жерде 6 жолу жер титирөө болду. Бул тууралуу Илимдер академиясынын сейсмология институту билдирди.

Алардын биринчиси түнкү саат 00:09до болгон. Жер титирөөнүн очогунун күчү дээрлик 8 баллды түздү. Катуу жер титирөөнү Бишкек, Каракол, Нарын шаарларынын тургундары, ошондой эле коңшу өлкөнүн жашоочулары да сезген.