Пакистандын улуттук банкы Бишкектеги филиалы жоюлгандыгын жарыялады

20 апреля 2021, 09:34

Пакистандын улуттук банкынын директорлор кеңешинин чечими менен банктын Кыргызстандагы ишин токтотуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу банктын сайтында жазылды. 

Бишкек филиалынын ыктыярдуу жоюлушуна байланыштуу, банк кардарларынан филиалдагы болгон эсептерин тез арада жабууну өтүнөт.

"Дагы бир жолу көңүлүңүздөрдү бурабыз, банктын 2020-жылдын 25-августундагы тарифтерине ылайык, банк 12 ай бою банк операциялары жок болгон эсептерди тейлөө үчүн комиссия алат. Нөл калдыгы бар кардарлардын эсептери банк тарабынан кошумча билдирүүсүз бир тараптуу жабылат", - деп билдиришти банктан.