«Манас» аэропортунун жетекчиси FlyArystan менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

4 октября 2019, 15:50

Эл аралык «Манас» аэропортунда  2019 – жылдын 2 – октябрдында ААК Эл аралык «Манас» аэропортунун FlyArystan авиакомпаниясынын стратегиялык өнүктүрүү жана инфраструктуранын вице-президенти Паоло Ричиотти менен жолугушуу болду. 

Жолугушуу алкагында эки тараптык кызматташуу жана «Манас» аэропорту аркылуу жаңы авиа маршртуттарын түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. 

FlyArystan авиакомпаниясынын вице-президенти Паоло Ричиотти  өз сөзүндө компания Манас аэролопорту менен мындан аркы кызматташтык боюнча суроолорду чечүүнү убадалады. 

Келген коноктор үчүн «Манас» аэропортуна экскурсия уюштурулду. 

FlyArystan авиакомпаниясы – Казакстандагы алгачкы учуу билеттерин башка авиакомпаниялардан арзан баада саткан компания болуп эсептелинет. Учурду аталган авиакомпанияга тийиштүү төрт Airbus A320 үлгүсүндөгү учак бар. 

Авиакомпания  Нур-Султан, Алма-Ата, Тараз, Урал, Павлодар, Шымкент, Караганда шаарларына каттайт.  Эл аралык каттамдарды ачуу планы бар.