Казакбаев КМШнын тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынына катышат

13 октября 2021, 13:11

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 14-октябрда КМШнын тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Кеңештин жыйыны Минск шаарында өтөт.

Иш-чаранын жүрүшүндө эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана КМШ форматындагы тышкы иштер органдарынын өз ара аракеттенүүсү боюнча пикир алмашуу пландаштырылууда. Ошондой эле бир катар документтер каралат, анын ичинде КМШнын мамлекет башчыларынын жана өкмөт башчыларынын кеңешинин жыйындарына сунушталган документтер бар.