Руслан Сагинаев "Халык Банктын" төрага орун басары болуп дайындалды

28 апреля 2021, 16:30

Руслан Сагинаев "Халык Банк" башкармасынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

Буга чейин аталган банктын төрагасынын орун басары кызматын Айнагүл Ахматова ээлеп келген, ал жакында кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган.

Ачык булактардан алынган маалыматтарга караганда, Сагинаев буга чейин "Казкоммерцбанкты" жетектеп келген.