Apple компаниясынын рыноктук баасы алгачкы ирет 2 трлн $ жеткен

20 августа 2020, 11:20

Apple капитализациясы 2 трлн долларга жеткен АКШдагы алгачкы ачык компания аталды. Бул тууралуу Forbes порталы маалымдады. 

 

Белгиленгендей, эки жыл ичинде Айфондун рыноктогу баасы эки эсеге жогорулаган. 

Бир акция 18-августтагы соодалашуудан дагы 468.04 $ — 1.27% кымбат болгон. 

Июль айынын аягында компаниянын кварталдык кирешеси 59.7 млрд долларды түзүп, 2019-жылдын экинчи кварталына салыштырмалуу 11% жогору болгон. Компаниянын таза кирешеси 16.3  млрд долларды түзгөн. Бир акциянын баасы - 2.58 долларга жеткен. 

 

 Башкы директор Тим Кук компаниянын ийгилигин ар бир географиялык сегменттердеги өндүрүш, кызмат көрсөтүүлөрдүн болгондугу менен байланыштырган. Эл аралык сооданын көлөмү компаниянын бир кварталдык кирешесинин 60% түзгөн.